Боинг кырсыгы: Венера Дүйшееванын жана 2 уулунун сөөктөрү Ноокенде жерге берилди, балдардын атасы жандандыруу бөлүмүндө

Ноокен районунун Курулуш айылында Бишкектин четиндеги авиакырсыктан көз жумган Венера Дүйшеева жана анын 4 жаштагы уулу Алибек, 6 жаштагы уулу Исабек бүгүн, 18-январда жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Эмир Сариев билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдарды жерге берүү зыйнатына облус башчы Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү келишти. Облус башчы жакындарынан айрылган үй-бүлөгө көңүл айтып, президенттин атынан 100 миң сом, Жалал-Абад облустук администрациясынын атынан 70 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Кырсыкта мерт болгон үй-бүлө мүчөлөрү бир ай мурда иштеп каражат табуу максатында Бишкек шаарына келип, Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынан ижарага үй алып жашап жатышкан. Маркумдун жолдошу Сатымбек Рахманов Сокулук районунда сүт ташыган унааны айдап иштечү. Анын денесинин 45 пайызы күйүп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Келиндин жакындары анын 7 айлык кош бойлуу экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Begimai85
2017-01-18 16:35:23
Кудайым озун боодо кырсыктан сактай кор.
Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун
+3
Shaa-82
2017-01-18 16:42:22
Жаткан жерлери жайлуу болсун, бир туугандарына сабыр берсин!
0
portugalia
2017-01-18 17:15:31
Жаткан жерлери жайлуу болсун!Кырсык айттырып келбейт экен да.Жакындарына сабыр тилеймин.
+1
Alixan-Nookat.2015
2017-01-18 18:48:52
Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун! Денеси куйуп жабыркаган бир тууганыбызга кудайым шыпаасын берсин.
+2
ainura220888
2017-01-19 01:31:44
Биздин айылдан экен. Жаткан жерлери жайлуу топурагы торкоо болсун. Айтбу эжеге балдарына кыздарына туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан