Борбор калаадагы мейманканалардын бирине 16-январда авиакырсыктан жабыркагандар жайгаштырылган. Анда 20дай адам убактылуу жашоочу жай, кийим-кече, тамак-аш менен камсыз болушкан. Каргашалуу окуя тургундарга катуу таасир бергендиктен, учурда ал жерде күзөтүү кызматы, медицина кызматкерлери, психологдор тынбай иш алып барып жатышат. Ал эми алардын абалын сурап келген жарандар, маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен көрүшүүгө аз гана убакыт берилип, тынчын албоо талап кылынууда.
Аталган жайда психологдун кызматын аткарып жаткан Чынара Термечикованын айтымында, окуянын күбөлөрү дале шок абалдан чыгыша элек. Андыктан аларга азыр тынчтык, дарылануу, эс алуу зарыл.
"Окуянын 20дай күбөлөрү: кичинекей балдар, кыздар, улуу кишилер ушул жерде баш калкалашууда. Алар үчүн болгон окуяны эстеп, айтып берүү оор, себеби шок абалдан кийин стресс, депрессия башталат. Мына азыр эле небереси оор абалда жаткан энеге тынчтандыруучу укол сайдык. Учурда аларды колдоп, кеп-кеңешибизди берип жатабыз", - деп билдирди Ч.Термечикова.
Мейманканада тургундар аман калышканына кубанып, калың эл ар тараптан жардам берип жатканына ыраазычылыгын билдиришти.