Авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрдү жатакана, тамак-аш менен камсыздоосун депутаттык комиссия иликтейт

“Ош” Эл аралык аэропортундагы 2016-жылдын 11-13-декабрь күндөрү түзүлгөн кырдаал жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча иштин абалы жөнүндө маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлөт. Тиешелүү чечимди бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кабыл алышты. Аталган комиссияга ар бир фракциядан депутаттар кирмекчи.

Депутат Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс") комиссияга авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрдү жатакана, тамак-аш менен камсыздоосун кошо иликтөөнү сунуштады. "Эгер каттам кармалып калса, авиажүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак-аш менен камсыздоо авиакомпаниянын милдеттерине кирет. Компаниялар бул милдетин аткарып жатабы же жокпу, кошо иликтеп берсеңиз", - деди депутат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 9-12-декабрь күндөрү Ошто аба ырайына байланыштуу учуу каттамдары убактылуу токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан