СУПЕРСТАН: "Илгери чоң энелерибиз келин кезинде бардык жумушка жетишчү экен"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Азыркы келиндер менен мурдагы келиндердин айырмасы" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Илгери чоң энелерибиз келин кезинде бардык жумушка жетишчү экен: нан жапканча бала карап, буудай оруп, жүгөрү чаап, казан-казан атала кылып... Азыркы келиндер үлбүрөйт, төрт чыныны жууй албай кечке кыбырап".

"Азыр деле бар андай келиндер, баарына жетишкен жеңелерди көрүп эле жүрөм".

"Мурдагы келиндерге таң калам. Ал кезде памперс, кир жуугуч, смесь жок болгон. Баланы табигый нерселерди колдонуп чоңойтушкан. Тамактарга кошулчу татымалдар жок болгон, тамакты даамдуу жасашкан. Идиш жууган каражат, айна да жок болгон, идиштерди атайын каражатсыз эле жууп, күлгө, кумга агартышкан. Кыскасы, мыкты келин болушкан. Азыркы келиндерге жыргал, бардык шарттар, жеңилдиктер бар. Ошондо бир аз жалкоо экендигибиз менен айырмаланабыз".

"Азыркы келиндерди мен жалкоо дей албайм. Себеби канчасы акча табам деп маңдай тер төгүп, эркек кылбаган иштерди кылып жүрүшөт. Кыскасы, мен азыркы келиндер тараптамын. Аларды жаман, жалкоо дегенге эч эле оозум барбайт. Тескерисинче, кээде ойлоп коём, эркектерге караганда аялдардын жаны темирден деп".

"Азыр келиндин "илливоюн" табасың, илмийгенинен зымырайганына чейин. Эркектин да бардык түрүн байкаса болот: аялынын моюнуна бутун асып алгандардан тарта чыныгы мырзалык сапаттарга ээ болгондорунан бери. Негизгиси, түгөйлөр өз ара ынтымакта болсо болгону. Кой аксагы менен миң. Жана да канаттууну "сүзө албайсың" деп, балыкты "бакка чыга албайсың" деп айыптаган туура эмес. Ар бир адамды, эркекпи, аялбы, туура жерге жайгаштырса, ал пайдалуу боло алат".
"Мурдагы эркектер да интернетте отуруп, аялдар менен кайым айтышчу эмес. Мурдагы эркектер улутун, уруусун коргоо үчүн кылыч ойнотуп, жоо бетинде жүргөн. Ошого жараша аялы болгон. Азыркы эркектерчи? Биз да эми силерге ылайыктуубуз да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан