Кырсыктан каза болгондордун кошунасы: "Короого чыксам эч ким жок, тыптыйпыл..."

Капыстан келип, бир нече үйдү басып калган учак кырсыгы учкучтарды кошпогондо 34 Кыргыз жаранынын өмүрүн жалмады. Окуядан улам сай сөөгү сыздап турган Анаркан Кожоева кошуналарын жоктоп, буларды айтып берди:

"Өтө кыйын болду, мындай болбосун. Эми мен кантип бул жерде жашайм? Эшикке чыксам кошуналарымдын баары жок. Көрүп жүргөн адамдардын баары жок, бала-чакасы менен. Жалгыз калдым ушул жерде, билбейм эми, бара турган жагым деле жок..."

Анаркан Кожоева кырсык катталган күнү үйүндө болгон эмес. Эшиктин алдына чыкса, каргашалуу учактын калдайган бир бөлүгү кошунасынын үйүн басып турат. "Жашагым деле келбей калды бул жерде, короого чыксам эч ким жок, тыптыйпыл", - деп көзүнө жаш алды тургун.

Авиакырсыктан аман калган айымдын көз жашы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2017-01-18 22:57:25
Алллахым. Сарбыр берсин
+1
Kg.arts.
2017-01-18 23:33:41
Журналисттер адашбай туура жазгыла, туура суйлогуло силерди жалпы коом угуп,коруп жатат. Аэропортко жетбей кулаган эмес, аэропорттон отуп кулаган.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан