Экипаж мүчөлөрүнүн үчөөсүнүн сөөгү Түркиянын Кыргыз жергесиндеги элчилигине өткөрүлүп берилди

16-январда Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагында кырсыкка учураган Боинг 747-400F учагынын экипаж мүчөлөрүнүн үчөө Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Алардын сөөгүн Түркиянын Кыргыз жергесиндеги элчилиги өткөрүп алды. Эми аларды өз мекенине жерге берүүгө жиберишет. Республикалык сот-медициналык экспертизасы алардын өздүгүн аныктаган тиешелүү документтерди дайындап тапшырды. Алар Ибрагим Даранжи, Казым Өндүл жана Ихсан Кожа", - деп жазылат маалыматта. Маркумдардын сөөгү эртең, 19-январда Түркияга жөнөтүлмөкчү.
Эске сала кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагына Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
saribaeva
2017-01-18 20:56:12
А 4- экипажчы
+8
aidinaernur
2017-01-18 21:57:20
Тортоо Деп экоонун аты аталып экоонуку аталбай атат
Биринчи куну учоо Деп чыккан болчу
Кайра тортоо
Эми учоонун соогу берилди дейт
-2
Bekzamann
2017-01-18 22:10:28
4-су жонундо маалымат берип койсонор..
-2
bema_bema
2017-01-18 22:20:49
Бироо табылбай калганбы ошондо
-2
moskyrsat
2017-01-18 22:30:13
Кана биро?
+2
karash-99
2017-01-18 22:37:50
4 тен табылды деп атты элего башка маалымат булактарында 4 экипаждын соогу откорулуп берилди деп журот киминерге ишенели?
+8
zhykyo
2017-01-18 22:38:40
Кеч табылып калып аны текшерип жатышса керек
0
baltabai
2017-01-18 23:06:09
Оа
0
JaparkulovaSamara
2017-01-18 23:15:21
Аны кеч таап азыр текшерип атышат дебедиби башка жанылыктарды деле корбойсунорбу супер инфону тиктеп отура бербей
+4
Take_men
2017-01-18 23:52:47
JaparkulovaSamara,ммм...туура айтасын го
+3
Keremet008
2017-01-19 01:43:40
Туркиялыктар оздору акчасын кетирип,анан алып кетишсин. Ошо авия линия баардык отуп кеткендердин уй булосуно конпенсация толошсун сотко бериш кк ошо компанияны
+4
admin_portal
2017-01-19 09:12:31
rukopashnik, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан