16-январдагы авиакырсыктан жабыр тарткандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке которулган каражаттардын бүгүн саат 10:00гө карата көрсөткүчү 5 миллион 723 783 сом 35 тыйынга жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-январь күнкү саат 16:00гө карата атайын эсепке 4 миллион 657 724 сом 35 тыйын келип түшкөн.
Учак кырсыгынан жабыркаган жарандарга жана жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү эсеби:
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
ИНН: 00103200110150