Депутаттар учак кулаган аймактагы үйлөрдү бузуп, тургундарды башка жакка көчүрүүнү сунушташты

Боинг учагы кулаган Курулуш башкармалыгынын дачаларын бузуп, тургундарын коопсуз жерлерге көчүрүү керек. Мындай сунушун бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.

Анын айтымында, турак жайлар аэропорттордон 3 чакырым алыс салынышы керек. "Келечекте мындай авиакырсыктар кайталанбаш үчүн Экологиялык жана техникалык инспекция, Жарандык авиация агенттиги жана башка тиешелүү мекемелер кырсыкты терең иликтеши зарыл", - деди депутат.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан 20 чакты үй талкаланган. Учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы менен бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан