Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3 окууда кабыл алынды. Өкмөт тараптан демилгеленген бул долбоор парламент комитеттиринде, жыйындарында жана бир катар тегерек столдордо кеңири жана талаш-тартыштар менен талкууланганы маалым. Демилгечилер жаныбарларды идентификациялоо – мал чарба азыктарын ветеринардык-санитардык жактан коопсуз өндүрүү, жаныбарлардан жана алардан алынган азыктардын эл аралык соодалашуусун өнүктүрүүгө жол ача тургандыгын айтышкан.
Ал эми долбоорго каршы болгон тарап азырынча бул ыкмага өтүү эрте экендигин айтышкан. Мисалы, депутат Исмаил Исаков "талап кылгандан мурун элге мал багууга шарт түзүп беришибиз керек. Муну кабыл алууга шашылбаган оң. Эртең бирөө каза болуп, мал союш керек болуп калса, ал малды каттоодон өткөн же өтпөгөнүн ким текшерет?" десе, эл өкүлү Анарбек Калматов "бул мыйзамды кабыл алсак, элге каршы иштеген болобуз. Демилгечилер көп малдуу жарандар гана малын каттоодон өткөрөт деп айтышууда. Мыйзамда "бардык мал өткөрүлөт" деп турат. Эмне, аз малы бар адамдар базарга мал сатпайбы? Казынабызда эч нерсе жок учурда бул мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы канчалык?",- дешкен аталган мыйзам долбоору талкууланган жыйындын биринде.
Аталган мыйзам ири мүйүздүү мал баккан тараптар үчүн 2014-жылдын 1-апрелинен, жылкы баккан тараптар үчүн 2015-жылдын 1-апрелинен, кой-эчки баккан тараптар үчүн 2016-жылдын 1-апрелинен иштеп баштайт. Ал эми канаттуу, аары баккан тараптар үчүн бул мыйзам 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Бул багыттагы ченемдик укуктук актыларды аталган мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы өкмөткө жүктөлдү.
Мыйзам күчүнө кирсе, ар бир малдын өзүнө тиешелүү документи жана эн белгиси (бирка) болот.