ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: 62 жыл мурун АКШда дүйнөдөгү биринчи телевизиондук маалымат жыйыны өткөн

Мындан 62 жыл мурун, 1955-жылы 19-январда АКШнын ошол кездеги президенти Дуайт Дэвид Эйзенхауэр дүйнөдө биринчи болуп Ак үйдө телевизиондук маалымат жыйынын өткөргөн. Башкача айтканда, ал дал ушул күндөн тартып телевизордон Өкмөт үйүндө уюштурулган маалымат жыйындарды көрсөтүүгө уруксат берген.

33 мүнөткө созулган Ак үйдөгү жыйын телевидение кызматкерлери тарабынан редакцияланып, 28 мүнөткө кыскартылган.

Маалымат жыйыны болгон күнү президенттин басма сөз катчысы Жеймс Хагерти: "Жыйын тартылып алынган плёнка радио, телекөрсөтүү жана кинохроникага берилгендиги үчүн ыраазымын. Муну менен объективдүү эмес журналистика жоголот деп үмүттөнөм. Себеби коомчулукка президенттин айткандары бурмаланбай жетет", - деп билдирген.

19-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан