Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде чогултулган каражат 8 миллион 769 968 сомго жетти

Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде чогултулган каражаттын суммасы 8 миллион 769 968 сомго жетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, эртең мененки саат 10:00гө карата атайын ачылган бирдиктүү эсепке 5 миллион 723 783 сом 35 тыйын которулса, саат 14:00гө карата 8 миллион 769 968 сом 35 тыйын келип түшкөн. 4 сааттын ичинде аталган сумма 3 миллион 071 185 сомго өстү. Учурда авиакырсыктан каза болгондорго жана каза болгондордун жакындарына жардам катары элден акча которуулар уланууда.

Мындан тышкары учак кырсыгынан жабыркагандарга мамлекеттик мекеме-ишканалар, жеке тараптар жана Орусия, Казакстан өлкөлөрүндөгү кайдыгер карабаган инсандар жардам колун сунуп, тийиштүү жардамдарын беришкен.

16-январда Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагына Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан. Бул кырсыктан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө өкмөттүн буйругу менен ӨКМ тарабынан бирдиктүү эсеп ачылган.

Өлкөдө авиакырсыктан жабыр тарткандарга 9 миллионго жакын акча чогулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tulpar90
2017-01-19 16:11:51
Элим аман жерим аман болсун.
+1
Ayida
2017-01-19 16:55:21
Эми ушуну алып калбай баарына тегиз бергиле!Жетим калгандардын туугандарына берсенер оздору иштетет андан коро ошол баланын атына уй алып беришсе.Чондорго болсо акчасын берсе болот дейминда.
+4
Kanzada97
2017-01-19 16:59:28
Ма шаа Аллах кыргызымдын кен пейилдиги! Баарына бирдей жетсин
+3
omka100514
2017-01-19 20:25:24
Үйсүз калган элдерге үй алып бергиле, муну да чекесине тийише калбай.
Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем, эч качан жамандык болбосун Аллахым айттырбай келген кырсыктардан сактасын
+1
argen_kg.95
2017-01-20 00:08:21
Канча акча чогулганын санап эле отурушат экен да
0
Federica
2017-01-20 03:10:30
Уйсуз калгандын баарына уй алып беришсин муну да жеп калбай бай болгурлар (
+1
Boldukan86
2017-01-20 09:35:01
ушунча чогулду деп мактанганынар уят. мамлекет озу деле каржылап койсо болмок. баягы эле озубузду озубуз толуктамай. даже конгон самолетту так билишпейт имиш эмнеге конгонун сразу тактап бир чечимге келгиледа. элди алаксытып жардам кылгыла дебей
0
Kroxa
2017-01-20 09:37:39
Коп тукурсо кол болот,,эми аны чондор кийлигишип,жеп алышпаса болду алар жабыркагандардан откон кайырчылар да.ал акчаны ага кетти буга кетти деп отпогон товарларын туртуп кыйратышат да....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан