Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Чынар-Булак, Карл Маркс айылдарынан 30га чукул окуучу мектепке баруу үчүн 3 чакырым аралыкты басып өтүүдө. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Кыштын суугунда алар үшүп жатышат. Жолдо келе жаткан айрым унааларга отуруп алышат. Кээде жөө басканга туура келет. 5-класстын окуучулары айыл өкмөтү атайын унаа жалдап, алардын окуусуна тиешелүү көңүл бурулуусун шарттаса болмок деген ойду айтышты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.