ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: 73 жыл мурун психология илимдеринин профессору Жеймс Кеттелл көз жумган

Мындан 73 жыл мурун, 1944-жылы 20-январда психология илимдери боюнча профессор Жеймс Кеттелл көз жумган. Ал 1860-жылы 25-майда АКШнын Пенсильвания штатындагы Истон шаарында төрөлгөн. Лафайет колледжинде окуп, аны аяктаган соң Лейпциг университетиндеги философия факультетинен билим алган. Пенсильвания университетинин профессору, Психология корпорациясынын жана психология боюнча 9-Эл аралык конгресстин президенти болгон.

1891-жылы Колумбия университетине чакыруу алып, эксперименталдык психологиянын профессору болгон. Антропология факультетинин деканы болуп, 1902-жылы философия илиминин профессору аталган.

Кеттелл адамдын жүрүм-турумун, билимин изилдеп, психологиянын принциптеринин практикалык тиркемелерин жана психологиялык өлчөө ыкмаларын иштеп чыккан. Психологиядагы тестирлөө ыкмаларынын түзүүчүсү, ошондой эле бир катар психологиялык тесттердин автору. "Психологиялык сереп", "Америкалык окумуштуулар" жана башка илимий басылмалардын редактору катары иштеген.

20-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан