Жол кырсыгына кабылып, эки бутунан жабыркаган Абдыкалык Маматовдун ишине байланыштуу соттук отурум 30-январга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда жабырлануучу өзү SUPER.KG порталына билдирди.
Эске салсак, 2016-жылы Сокулук-Кант унаа жолунда катуу жол кырсыгы орун алып, кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы Абдыкалык Маматов майып болуп калган. Ал ошол окуядан кийин акыйкаттык издеп жүргөнүн кабарлаган.
"Кырсык болгондон бери ар кандай шылтоо менен соттук отурум жылып жатат. Бирде адвокат ооруп калат, кээде сот ооруп калат. Буга чейин шаардык сот карап келген эле. Кийин ишти кароону Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп беришкен. Эми алар дагы отурумду жылдырып жатышат. Кийинки соттук отурум күнөөлөнүп жаткан тараптын жактоочусу ооруканада жатып калды деп 30-январга жылдырылды", - деп билдирди жабырлануучу.
Белгилүү болгондой, кырсыкка кабылган жабырлануучу боюнча соттук отурум буга чейин бир нече жолу жылдырылып, өтпөй келет.
"Эки бутум тиземден бүгүлбөй калган. Учурда балдак менен басып жатам. Дарыгерлер операция жасатууга 5 миң АКШ доллары жумшаларын айтышты. Операцияга жумшалуучу сумма азырынча менде жок болууда. Кайрымдуу кыргыз элинен жардам сурайм", - деп кошумчалады Маматов.