Кочкор районундагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-январь күнү саат 21:55 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор райондук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн кызматкери тарабынан маалымат келип түшкөн. Анда Кочкор айылындагы көчөлөрдүн биринен балдар мушташып, бир баланын бычактан жараат алганы айтылган. Окуя болгон жерге Кочкор районунун прокурору, Кочкор РИИБинин жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу барышканда, 17 жаштагы 10-класстын окуучусу З. уулу Жнын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 10-класстын окуучусу А.К. кармалган. Анын үйүн кароо учурунда ашкана бычагы жана окуядан кийин чечип койгон кийимдери далил зат катары алынган. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала маалымат боюнча, 10-класстын 5 окуучусу кылмышка шектүүнүн үйүнө сүйлөшүү үчүн келишип, чырдаша кетишкен. Натыйжада ортодо мушташ чыгып, шектүү үйүнөн көтөрүп чыккан бычагы менен эки баланы сайып салган. Ал эми бычактан жараат алган Т. уулу А. ооруканага жаткырылган.