Кочкор районунда окуучулар мушташып, бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 19-январь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда жогорку класста окуган окуучулардын ортосунда мушташ чыгып, анын кесепетинен бири каза тапкан. Ошондой эле дагы бир окуучу ооруканага жеткирилген. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мушташкан балдар Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары болушкан. Мушташтын кесепетинен 2000-жылы туулган З. уулу Ж. каза болуп, 2000-жылы туулган Т. уулу А. ооруканага жаткырылган.
"Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов окуучулардын арасында чыккан чырга байланыштуу Кочкор районуна келди. Облус башчы учурда мыйзам чегинде кырсыктын себептерин аныктоо жана тыкыр териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берди", - деп билдирди өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы.