Таш-Көмүр шаарында 2013-жылы табылган баланын ким экендиги аныкталбай жатат

Таш-Көмүр шаарында 2013-жылы табылган баланын өздүгү такталбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2013-жылдын 5-апрель күнү аталган шаардын Кызыл-Алма айылынан аты-жөнү такталбаган, кулагы укпаган, сүйлөбөгөн, психикалык оору менен ооругандыгы байкалган, 17-18 жаш курактагы эркек бала табылган. Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы Психоневрологиялык балдар мекемесинде күн кечирүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, баланын өздүгүн аныктоо максатында Жалал-Абад ОИИБи коомчулукка кайрылат. Бала болжол менен 20-23 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
A3A
2017-01-23 09:59:20
Кыргызга окшобойт экен, озбек же тажик
+1
Ananai
2017-01-23 10:19:22
Кыргыз болобу тажикпи, бул де жашайм деп жаралган кудайдын пендеси. Жакындары кабатыр болуп журушкондур. Эртерээк табылып калышса экен туугандары.
+6
nur_zhoni
2017-01-23 12:38:21
Ananai, жакындары кабатыр болсо милицияга же башка жака кайрылмак менин оюумча жакындары жок окшойт Ананайым
+5
kanykey125
2017-01-23 10:55:34
Туугандары табылып калсын ..
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан