Жогорку Кеңештин депутаттары "Дыйкан" базарынын соодагерлери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары "Дыйкан" базарынын соодагерлери менен жолугушту. Анда депутат Ырыскелди Момбеков базарды жапканга негиз жок экенин айтып, ал боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн билдирген.

"Учурда 5 депутаттан турган жумушчу топ иштеп жатат. Буга чейин Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук комитети базарды жабуу маселесин карап чыккан", - деп билдирди Момбеков.

Маалыматка караганда, базардын соодагерлери менен жолугушууга Ленин районунун акими, прокуратура өкүлү, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери келишкен. Түзүлгөн комиссия соодагерлердин жана базардын абалы менен жеринде таанышып, көрүп чыккан.

Айта кетсек, 2016-жылдын аягында "Дыйкан" базарынын соодагерлери базардын жабылышына каршылык билдирип, Ак үйдүн жана базардын администрациясынын алдына митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан