ЖЫЛНААМА, 23-ЯНВАРЬ: 19 жыл мурун учкуч-космонавт Салижан Шарипов биринчи ирет космоско учкан

Мындан 19 жыл мурун, 1998-жылы 23-январда түбү Кыргыз жергесинен болгон орусиялык учкуч-космонавт Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын курамында биринчи жолу космоско учкан. Ал америкалык "Ендевор" кемесинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Ал космосто баш-аягы 8 күн, 31-январга чейин болгон. Салижан Шариповдун эрдиги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы менен бааланып, Бишкек мэриясы ага 3 бөлмөлүү үйдү белекке берген.

Ал 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин "Союз ТМА-5" кемесинин командири катары 2-ирет космоско учкан. Учурда С.Шарипов Юрий Гагарин атындагы Космонавттарды даярдаган билим берүү борборунун жетекчиси болуп иштейт.

23-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан