Азиз Мурадиллаев боорун алмаштыруу үчүн операция жасатпай турган болду

Мындан бир нече күн мурда Түркияга дарылануу үчүн учуп кеткен белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев Кыргыз жерине кайтып келди. Ал боорун алмаштыруу боюнча операция жасатпай турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында белгилүү болду.

"Кудайдын керемети десе болот. Кыргыз элинин дубасы кабыл болду. Бир нече айлык дарылануу, бир жумалык анализдердин жыйынтыгы операция жасоонун зарылдыгы жок экенин көрсөттү. Профессор Карай операция кылуунун кереги жок деп билдирди, себеби боор өзү жаңыланып жатыптыр. Бирок цирроз кеткен жок. Дарылануу уланат. Дагы 3 ай дарылангандан кийин кайра текшерүү үчүн клиникага барат", - деп билдирди Ассоль Молдокматова.

Ал эми актёрго чогулган каражаттын бир бөлүгү анын кийинки дарылануусуна калтырылса, калганы оор дартка кабылган Урматбек Бөлөкбаевге, актёр Мурат Мамбетовдун уулу Нурдан Мамбетовдун Кытайда дарылануусуна жана башкаларга которулары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aseras
2017-01-23 13:43:28
Ашкан акчаны Венера Сатылганованын уулуна да которулат экен Аллах ыраазы болсун.Ошол бала да Аллахымдын керемети менен айыгып кетсин Оомин!
+22
Ryskulova
2017-01-23 14:03:27
Жакшы болгон турбайбы , Нурдан да сакайып кетсин деп дуа кылалы .. Оорусун берген жараткан шыпаасын да берет
+11
mamatmusakuzuraziya
2017-01-23 14:03:38
Мына Кудай бар экенине ишенсе болот Кыргыз элинин дубасы Кудайыма жетиптир. Эми оорубаныз ден-соолугунуз бекем болсун!!!
+9
mikoo
2017-01-23 14:17:44
Оо жакшы жанылык дагы окуйт экенбиз э ))
+5
aslan_akjol89
2017-01-23 14:33:03
Врач чын айткан эле болсун.Чын эле айыгып келе жаткан болсун жана толук айыгып кетсин.Биздин айылдан бир адам ушул эле оору Индияга барганда "Дагы 3 ай лечение алып кел,анан операция кылабыз" деп жонотуп жиберишкен.Корсо кеч болуп калган экен.Чындыкты жаздым,бирок Азиз байкенин сакайып кетишин каалайм.
+3
Seryi-Kardinal
2017-01-23 14:52:12
aslan_akjol89,anan ne boldu owol adam
-1
DNurgiza
2017-01-23 15:21:58
Seryi-Kardinal,кеч болгону, жакында көз жумганы да
-1
nazi25
2017-01-23 23:41:21
DNurgiza,жакшы сөз жазсаңар
+1
Jarkynai25
2017-01-23 14:46:45
Аллахым ар дайым кыргыз элин колдосун! Азиз ага Аллахтын керемети менен толук айыгып кетин!
+3
Keremet008
2017-01-23 14:54:12
Сакайып кетиниз. Эч ким оорубасынчы тегеле.
+2
nazi25
2017-01-23 14:57:08
Сүйүнүп турам.Аллахым шыпаа берсин.
+2
suban78
2017-01-23 15:53:21
Жакшы болуп кетиниз, Алла Таалам колдогон адам экенсиз да. Баарыбыз эле чын ден соолуута журолу.
+1
Bubu88
2017-01-23 15:54:27
Кудайдын бар экени дагы бир жолу далилденди. Кудайыма миң мертебе шүгүр. Азиз байке айыгып кетиниз, мындан кийин эч качан оорубаныз. Башты бийик көтөрүп дагы кыргыз элиме кооп кызмат кылыңыз. Чалынбаныз сиз чалынсаныз сизди жолоп калчу кыргыз эли бар
0
Bubu88
2017-01-23 16:07:29
Супер Мурат Мамбетовтун уулунун атына счёт ачылганбы билип бере аласыздарбы
+1
yasmina_kg
2017-01-23 17:05:04
Токсонго чыгып кыргыз элинизге торколуу той откорунуз.Сизди суйобуз.
+1
Shef87
2017-01-23 17:32:01
кудайга шугур
+1
arzygulR
2017-01-23 18:37:50
Кудайга мин мертебе шугур толук айыгып кетиниз
+1
Kroxa
2017-01-23 20:57:31
Азизге мин мертебе ыраазычылык,озу сакайып кете электе,Венера Сатылганова менен Мурат Мамбетовдвн баласы Нурданга которгону чооон салым кошкону..бар бол!!!Азиз ден соолун болсун...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан