Бир жума мурун, 16-январда Сокулук районуна кулаган учактан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 20 миллион сомдон ашуун каражат которулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"23-январда саат 13:00гө болгон көрсөткүч боюнча атайын эсепке түшкөн каражат 20 миллион 138 400 сом 30 тыйынга жетти", - деп айтылат маалыматта.
Учак кырсыгынан жабыркаган жарандарга жана жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында ачылган эсеп:
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
ИНН: 00103200110150