Улуттук онкология борборунун жалпы онкология бөлүмүндөгү оңдоо иштери 6 айдан бери кыймылсыз турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 23-январда билдирди.
"Мындай абалдан улам дарыгерлер ошол жердеги ашканада 6 айдан бери иштеп жатышат. Бейтаптар менен дарыгерлерге бир кыйла ыңгайсыздыктар жаралууда. Ал жерге барсаң, ак халатчандарга түзүлгөн шарттар адам чыдагыс экенине күбө болосуң", - дейт ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.