КҮНСЕРЕП: Боинг кырсыгы: Эл чогулткан акчалай жардам тууралуу маалыматты өкмөт жашырууда

Бүгүн, 23-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов Мамлекеттик бажы кызматынын 232 кызматкери үй-бүлөсү менен Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуп келгенин айтып чыккан эле. Булардын 20сы бажы тармагында жетекчилик кызматта тургандар: арасында Бажы кызматынын "Манас" башкармалыгынын жетекчиси, анын эки орун басары, "Ош", "Түндүк" темир жол башкармалыгынын жетекчи орун басарлары бар экени айтылган. Бажы кызматкерлери "Манас" аэропортунан эмес, Алматыдан учушканы такталды.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Азамат Сулайманов бүгүн Бажы кызматынын өкүлдөрү чын эле Жаңы жылды чет өлкөдөн тосушканын тастыктады. Болгону алардын саны 232 эмес, 13 экенин айтат. Алар кыштын ызгаарында Кытай, Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары өңдүү өлкөлөрдө эс алып кайтышкан. Жаңы жыл алдында 232 бажы кызматкери эмгек өргүүсүндө болушканы да аныкталды. Азамат Сулаймановдун билдиришинче, бажы кызматкерлери чет өлкөгө чыгууда жетекчисинен уруксат сурабайт, болгону атайын бөлүмдөн каттоодон өтүшөт. Ошол процедура да сакталбай жатканын моюнга алган Сулайманов жакында кызматкерлеринин тартип маселеси караларын айтуу менен чектелди. Бажы кызматкерлери чет жерден эс алууга акчаны кайдан табышты, Жаңы жылды үй-бүлөсү менен чогуу чет өлкөлөргө барып тосууга маянасы жетиштүүбү? Жеке каражат сарпталдыбы же мамлекеттин акчасы садага чабылдыбы? Эмне үчүн Бишкектен эмес, Казакстандан учушкан? Бул суроолорго Бажы мекемеси жооп айткан жок. Депутаттар тарабынан айтылган маалыматты текшерип, коомчулукка так маалымат берүү, мыйзамдан тыш аракет жасалган болсо, чара көрүү - тийиштүү органдардын иши. Бажы кызматы өлкөдө коррупцияланган тармактардын бири. Мекеме жакында гана тендер чуусу менен коомчулуктун талкуусуна түшкөн. 2016-жылдын октябрь айында Мамлекеттик бажы кызматы 648 миң сомго 60 даана кымбат баалуу кол сааттарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Ал сааттарды Жаңы жыл алдында Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бажы кызматкерлерине белек катары берүү пландалган. Коомдогу катуу талкуудан улам мекеме тендерди токтотууга аргасыз болгон. Белекке берилет деген кымбат кол сааттардын ордуна чет өлкөгө эс алып келүүгө жолдомо тартууланып кеткен көрүнөт...

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерде болгон авиакырсыктан үй-бүлөсүн толук жоготуп, өзү денесинен күйүк алып ооруканага жаткырылган жаран каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, ал 22-январда түшкө маал көз жумду. Муну менен кырсыктан каза тапкан тургундардын саны 35ке өсүп, 4 экипаж мүчөсүн кошкондо маркумдардын жалпы саны 39га жетти. Кырсык болгон жерде жашагандардын коопсуздугу да коркунучта. Кулаган учактан аккан керосинге ууланды деп 5 бала бүгүн ооруканага жеткирилгенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Шалаакылыкпы же кенебестикпи? Кырсык болгон жерде авиакеросинге уулануу коркунучу бар экенин тийиштүү органдар алдын ала эскертип, ал жерде жашагандарга чара көрүлүшү керек эле. 39 өмүрдүн кыйылышы жооптууларга сабак болбогону өкүндүрөт.

Учак кырсыгынан жабыркагандарга акчалай жардам берүү үчүн бирдиктүү банктык эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө эсепке түшкөн акчанын суммасы 20 миллион сомдон ашты. Акча которуулар уланууда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги топтолгон сумманын көлөмүн күнүнө эки ирет жарыялап жатат. Каражаттын суммасы көбөйгөн сайын акча өз дарегине жетип, жабыркагандарга жардамы тиеби, ортодо кимдир бирөөлөр пайдаланып кетпейби, которулган суммалардын баары жарыяланып жатабы деген суроолор да өсүүдө. 20 миллион сом аз акча эмес, андыктан акча которуу, топтоо, муктаждарга жеткирүү процесси ачык-айкын жүргүзүлүүсү зарыл. Коомчулукта ишенбестик жаралбашы үчүн бирдиктүү эсепке акча которгондордун аты-жөнү, которгон суммасы ачык жарыяланып турганы оң. Ачык-айкындык үчүн SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, акча которгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин берип турууну сунуштаган. Министрлик ар кандай иштерге шылтоо менен мындай тизмени берүүнү кечеңдетүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мындай иши жогорудагы күмөндү ого бетер күчөтөт...

Баткенде кайрадан чек ара чыры. 22-январда Көк-Таш айылында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алышканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Жаңжалдан 1 үй жана 4 автоунаа зыянга учураганы айтылды. Учурда кырдаал туруктуу, жаңжалдын себеби иликтенүүдө. Окуядан жабыркаган жаран - Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова учурда ооруканада жатат. Айрым маалыматтарда Өсөрова Тажикстандын жарандары тарабынан сабалганы айтылып, бирок Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаган жок. ИИМ "айыл башчыны окуя болгон жерден бирөө түртүп жиберген" деген версияны билдирүүдө. Бул окуя 2017-жылдагы Кыргыз мамлекети менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы биринчи окуя. Баткенде эки өлкө жарандарынын ортосундагы пикир келишпестиктердин айрымдары турмуш-тиричиликтик талаш-тартыштардын айынан чыгат. Мисалы, 2016-жылы жергиликтүү Кыргыз жаранын аймактан кум ташытпай койгондун айынан чыр чыгып, окуя күч органдарынын кийлигишүүсү менен токтогон. Мындай окуялар өнөкөткө айланбашы керек, дайыма жаңжал болуп бүткөндөн кийин орун алчу "эки тараптуу сүйлөшүүлөр" жыйынтык бербей жатат. Расмий маалыматтарга таянсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасы-Тажикстан чек арасында 6, Кыргыз Республикасы-Өзбекстан чек арасында 6 чыр-чатак катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан