Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерде болгон авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү иретинде бирдиктүү банктык эсеп ачкан. Атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы бүгүнкү күндө 20 миллион сомдон ашты. Эсепке акча которуулар уланып, топтолгон сумма министрлик тарабынан күнүнө эки жолу жарыяланып жатат. Которулуп жаткан каражаттын суммасы жарыяланып, бирок кимдер канча акча которуп жатканы маалымдалбаган соң, "Каражат толук эсепке алынып жатабы же жокпу?" деген суроо жаралат.
SUPER.KG порталы окурмандарынын күмөн саноолорунан улам ӨКМдан акча которгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин берип турууну өтүнгөн. Андан бери 4 күн өттү. Министрлик бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлап, тизмени бере элек. "Биз министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, эсепке кимдер каражат которуп жаткандыгы тууралуу тизме сураганыңыздарды кабарладык. Бул маселе талкууланып, тизме берилери же берилбеси такталып жатат", - деген жооп узатты министрликтин маалымат кызматы.