Бажы кызматы Жаңы жылды чет өлкөдө тоскон кызматкерлеринин аты-жөнүн интернетте жарыялабай койду

Мамлекеттик бажы кызматынын расмий интернет-сайтында Жаңы жылды чет өлкөдө тоскон бажы кызматкерлеринин тизмеси жайгаштырылган жок. Мекеменин сайтында бул маселе боюнча кечээ, 23-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда аталган кызматтын төрагасы Азамат Сулайманов билдирген маалымат гана турат.

Айта кетсек, өткөн аптада Бажы кызматынын жетекчилери үй-бүлөлөрү менен Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуп келгени парламентте сынга кабылган. А.Сулаймановдун айтымында, 31-декабрда Бажы кызматынын 232 кызматкери эмгек өргүүсүндө болгон. "31-декабрда 4 кызматкерибиз чет өлкөдө эс алууда болгон. Январда 9 кызматкер чет өлкөгө чыккан. Алар Кытайга, Орусияга, Казакстанга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына барышкан. Ар бир кызматкер чет өлкөгө чыгар алдында каттоо китепчесине кол коюп, өзүн кандай алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат алат. Бул маселе боюнча кемчиликтер бар. Ошолордун моралдык-этикалык жагын карап чыгуу боюнча көрсөтмө жөнөттүк. Ардагерлердин жыйынында тартипти бекемдөө боюнча маселе көтөрүлмөкчү", - деген кечээ Сулайманов.

Парламенттик комитеттин мүчөлөрү андан чет өлкөгө чыккан кызматкерлердин аты-жөнүн жарыялоону талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tyrgon
2017-01-24 15:57:40
элдин акчасын жеп алп жыргап жургондорун кара
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан