Кыргыз өлкөсүндө кыймылдаткычтарынын көлөмү 3 литрден (3 миң куб сантиметр - SUPER.KG) жогору болгон жеңил автоунааларга салык 2-4 эсе кымбатташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев демилгеледи.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты - мамлекеттик бюджетти толтуруу. "Бүгүнкү күндө кыймылдаткычынын көлөмү 3 литрге чейинки унааларга салык 2700 сом. Бул салык өзгөрбөйт. Мыйзам долбоору кыймылдаткычтарынын көлөмү 3 литрден жогору унааларга гана тиешелүү", - деди министр.
Кыймылдаткычтын көлөмү (куб.см)
|
Даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү |
|||
5 жылга чейин |
5тен 10 жылга чейин |
10дон 15 жылга чейин |
15 жылдан жогору |
|
Такташтыруучу коэффициенттер |
||||
3000ге чейин |
1 |
1 |
1 |
1 |
3001ден 4500гө чейин |
2,5 |
2,0 |
1,4 |
1 |
4501ден жогору |
4,0 |
3,3 |
2,6 |
1 |
Мисалы:
Кыймылдаткычтын көлөмү (куб.см)
|
Такташтыруучу коэффициенттерди эске алуу менен салыктын өлчөмү (сом) |
|||
5 жылга чейин/ коэффициентти колдонбостон |
5тен 10 жылга чейин/ коэффициентти колдонбостон |
10дон 15 жылга чейин/ коэффициентти колдонбостон |
15 жылдан жогору/ коэффициентти колдонбостон |
|
3000 |
2700/2700 |
2250/2250 |
1800/1800 |
1350/1350 |
3500 |
7875/3150 |
5250/2625 |
5460/2100 |
1575/1575 |
4500 |
16200/4050 |
8662/3375 |
7020/2700 |
2025/2025 |
жогору (мисалы, 4700 куб.см) |
16920/4230 |
11632/3525 |
7332/2820 |
2115/2115 |