Индияда жыл сайын 3 миңге жакын тасма тартылып, анын миңдейи прокатка чыгат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнө алгачкы жолу Болливуддан келген режиссёрлор билдиришти.
"Жалпы Индия өлкөсүндө бир жылда 3 миңдей тасма тартылат, бирок мунун баары Болливудда тартылат дегенди билдирбейт. Тасма тартуу боюнча түрдүү компаниялар көп, андыктан пираттык таратуу да өнүккөн. Мисалга, бүгүн бир тасманын бет ачары болсо, эртеси сатууга чыгып кеткен учурлар катталат. "Бирөөнүн автордук укугун бузган адам 10 жылга чейин камалат" деген мыйзам бар. Иш жүзүндө ал мыйзам колдонула бербейт. Интернет деген нерсени көзөмөлдөп, ал жакка ким таратканын аныктоо оңойго турбайт".
Белгилей кетсек, кечээ, 24-январда индиялык чыгармачыл инсандар Кыргыз жеринин кооз жаратылышы, маданияты менен таанышуу, тажрыйба алмашуу максатында келишкен.