Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышы, маданияты менен таанышуу үчүн Бишкекке Болливуд режиссёрлору келишти

Бүгүн, 25-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде Болливуддан келген продюсер, режиссёрлор маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Индиядан келген коноктор Санам Жит Синг, Вивек Синханиа, Амбер Шарма, Амит Кумар Агарвал, Варун Шарма Кыргыз жерине алгачкы жолу келгенин айтышып, катышуучулардын суроолоруна жооп узатышты.

Коноктор Индия киносу, жетишкендиктери, кемчиликтери жөнүндө айтып өтүштү. Продюсер Вивек Синханиа аба ырайы Бишкекте суук экенин, бирок ага жагып жатканын айтып, буларды билдирди:

"Кыргыз жери аябай жакты. Буюрса, кино жаатында эмгектенген кесиптештер менен бир нече долбоорлорду ишке ашырабыз деп үмүт кылабыз. Индия киносу тууралуу айтсак, анда дайыма ыр менен бийдин болгону элдин маданияты, жашоого, дүйнөгө болгон көз карашы менен байланыштуу. Азыр чыныгы жашоо чагылдырылган, ашыкча ыр, бийи жок да тасмалар тартылууда".

Алардын Кыргыз жерине келгендеги максаты - жаратылышы, кооз жерлери, маданияты менен таанышуу. 5 күндүн аралыгында алар Көчмөндөр оюндары өткөн ипподромдо, Каракол лыжа базасында жана башка жерлерде болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mambo-1984
2017-01-25 18:32:00
булар кайсы кинолорду тарты экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан