Өкмөт: "Дордой" базарындагы контейнерлердин жабылышы сезондук мүнөзгө ээ"

"Дордой" базарындагы контейнерлердин жабылышы сезондук мүнөзгө ээ. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда өтмөттүк аппарат түшүндүрмө берип, аталган базардагы 18 миң контейнердин 6 миңи соода азайгандыгына байланыштуу ишин токтотконун айтты.

Мамлекеттик салык инспекциясынын статистикалык маалыматтарына ылайык, 2015-жылы "Дордой" базарындагы соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерге 125 542 ыктыярдуу патент берилсе, 2016-жылы 119 764 патент берилген.

"Дордой" базарындагы активдүүлүктүн кыш мезгилинде төмөндөөсү жыл сайын орун алып, ал сезондук мүнөзгө ээ. Бул туурасында базардагы соода жүргүзгөн ишмерлердин алган ыктыярдуу патент саны тууралуу маалымат тастыктайт”, - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле сооданын азайышына 2016-жылдын декабрь айында аталган базарда чатыр кулап, аны калыбына келтирүү боюнча оңдоо иштеринин жүрүшү себеп болгонун билдиришти.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэрия Албек Ибраимов маалымат жыйында 2016-жылы Бишкектеги эң ири "Дордой" базарында 6 миң соода түйүнү жабылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shamshiev.80
2017-01-31 15:40:13
Кайсы контейнер жабылды корсоткулочу?Биз ижарага бир айдан бери контейнер тапалбай журобуз,контейнер издегендер толтура.Бийлик туура тушундурмо беруусун суранат элем.Кампа катары иштетилген жук эмеректерди сактоочу Дордой базарынан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан складдар мурункудай жук жок деп жашырышып,салыктан качышкандары, ага окмоттун дагы жана А.Ибраимовдун дагы тиешелери бар деп айтып келишкен.
+2
Take_men
2017-01-31 19:18:53
Бош турган контейнерге экообуз барбайбыз гоу. Экообузго ходовой ряд керек.
+1
muratkg
2017-01-31 20:17:47
Азыр 2 ай бардык соода жайларында соода жай болтат. Анан кун ысыганда болуп калаар. Сабыр кылайлы туугандар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан