Бишкекте 12 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкекте 12 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган Элена Боскунбаева 2017-жылдын 30-январь күнү Бишкек шаарынын Вторая Линия көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз болууда.

Ошол күнү көк юбка, ак түстөгү күрмө, кызгылт моюн орогуч жана кара өтүк кийип жүргөн. Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0703 40-16-00, 0553 10-24-65, 0(312) 35-29-47, 35-26-05 же 102 номуруна чалып, кабарлап койсоңуздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Drongo
2017-01-31 15:14:03
Аман-эсен болуп,табылсын.Жараткан жардам бере кор,табылышына.Оо Жараткан кызды сактай кор,суранам сенден.
+13
nura.177
2017-01-31 15:36:32
Эсен аман табылып , ата энесинин жанына келсин
+12
Bubu88
2017-01-31 17:26:36
Кудай колдоп табылгыча эсен аман болсун эч бир жерине зыян болбосо экен
+5
Take_men
2017-01-31 19:14:10
Жакшы кабар кутобуз. Эртерээк табылып калсын Кудай колдоп.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан