Аида Салянова: "Бүгүн УКМКга барбайм"

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мени суракка чакырганы боюнча кабардармын", - деди бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова.

"Суракка чакырууну мага эмес, туугандарыма беришиптир. Азыр саат 17:00 болуп калды, иштемин, УКМКга барбайм", - деди Салянова. Депутат саат 14:00дөн 17:00гө чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынына катышкан.

Андан соң Аида Салянова Фейсбуктагы баракчасында эмнеге УКМКга барбаганын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, адвокаты Улан Жумаков сурак мөөнөтүн жылдыруу боюнча катты тергөөчүгө жөнөткөн. "Биздин суракка барбай турганыбызды УКМК жакшы билген", - дейт Салянова.

Мындан тышкары депутат аны коркутуудан пайда жок экенин баса белгилеп, укугун мыйзамдын негизинде коргой турганын айтты.

Айта кетсек, бүгүн саат 16:00гө Аида Салянова УКМКга чакырылганын депутат Өмүрбек Текебаев журналисттер менен жолугушууда билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан