Азыркы тапта өз жанын кыйган мектеп окуучусу тууралуу окуяны интернетте кыргыз коомчулугу кызуу талкууга алып жаткан кез. Бул боюнча бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына психолог Жазгүл Атагулова: "Өзүн өзү өлтүргөн чакырыктардын талкууланышы убактылуу дүрбөлөң деген көз караштамын", - деп билдирди.
Мындай көрүнүш Орусияда да орун алганын кошумчалап: "Ал өлкө чоң болгон үчүн көзөмөлдөө кыйынга туруп, өспүрүмдөр арасында тез жайылып кетти окшойт. Кыргыз жеринде абал башкача, анын үстүнө биздин менталитет менен бул маселе жакшы жакка чечилет деген ойдомун. Ошентсе да ата-эне балдарынын интернетте эмне менен алек болуп жатканынан кабар алып турушу керек", - деди Атагулова.
Жылдыз Атагулова белгилегендей, балдарды суицидге жеткирүүгө себептер көп. Алардын арасында ата-энеси менен тил табыша албоо, чөйрөсүндөгү адамдардын таасири бар.
"Өз өмүрүнө кол салгысы келген өспүрүмдөр түнт, же тескерисинче, эмоционалдуу болуп калышат. Окуусуна барбай, жаман окуп баштайт. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбесе да, ата-энесине абалы жакшы экенин айтат. Өспүрүм кезде балдар аябай сезимтал келишет. Өз алдынча чечим кабыл алып, өзүн чоң адамдардай алып жүрүүнү каалашат. Кайсы бир тармактагы виртуалдуу болсо дагы жеңиши ал үчүн маанилүү. Эгер интернеттеги социалдык желелердеги чакырыктарга байланып калса, ал жакта өзүн эркин сезгени болуп саналат", - деди ал.
Өспүрүмдөрдүн жүрүш-турушундагы кандай өзгөчөлүктөргө маани берүү керектиги боюнча укук коргоо органдары ата-энелер жана мугалимдерге кайрылуу жасашты.
"Балаңыз эрте уктаганы кетсе, анын уктап жаткандыгын текшериңиз. Киттердин, көпөлөктөрдүн, бир мүйүздүү жандыктардын сүрөтүн тартып жатса, "Киты плывут вверх", "Разбуди меня в 4:20", f57, f58, "Тихий дом", "Рина", "Ня пока", "Море китов", "50 дней до моего..." деген тайпаларга кошулса, ВКонтакте социалдык тармагында өздүк баракчасын жаап койсо, “разбуди меня в 4:20", "я в игре" деген сөздөрдү өздүк баракчасына жазса, тааныш эмес адамдар менен жеке кат алышуудан кийин алардын буйругун аткара баштаса, абал кооптуу. Бул учурда ата-эне бала менен сүйлөшүп, анын пикирин талашпай, суроо берип, конструктивдүү сунуштарды айтып, адистерге кайрылуусу керек", - деп айтылат маалыматта.