КҮНСЕРЕП: Интернеттеги "өлүм оюну" Кыргыз жерине дүрбөлөң салды

Бүгүн, 1-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Орусия, Казакстанда белгилүү болгон интернеттеги коркунучтуу оюн Кыргыз мамлекетине да жетти. Интернет колдонуучуларын, айрыкча өспүрүмдөрдү өлүмгө түртөт делген оюн өлкөгө жайылганын тийиштүү министрликтер тастыктап, бул коркунучтан балдарды оолак кармоону айтып мектептерге, ата-энелерге коңгуроо кагууда. Оюнга кыскача мүнөздөмө: Торго илинчү адам ВКонтакте жана Инстаграм желесинде өздүк баракчасына #Разбудименяв4:20, #синий кит, #явигре, #тихийдом деген хештегдерди жазып, киттин сүрөтүн илишет. Андан соң ага кимдир бирөө байланышка чыгып, 50 күн бою ар кандай буйруктарды берет. Оюндун эрежеси боюнча, акыркы күнү оюнчу же асынып, же бийиктиктен секирип өз жанын кыйышы керектиги айтылууда.

Кыргыз жеринде окуучулар "Синий кит" оюну тууралуу билерин айтып жатышат. Ички иштер министрлиги оюн Орусиядан келгенин, буга чейин жарандарды интернетте өлүмгө чакырган "топтун" администратору кармалганын айтып маалымат таратты. Демек, ИИМ оюндан мурда эле кабардар болгон, бирок өспүрүмдөрдү бул коркунучтан сактоо боюнча кандайдыр бир эскертүү же алдын алуу иштерин жасаган жок. Билим берүү жана илим министрлиги да маалымат интернетте кызуу талкуу жараткандан кийин гана кыймылга келип, бул кырдаал боюнча ата-энелерге чогулуш өткөрүү боюнча тапшырма берди. Өспүрүмдөр менен иштешчү жооптуулар алдастап турган учурда Бишкекте оюндан шектенүүнү ого бетер күчөткөн кырсык катталды. Борбор шаарда №12-гимназиянын 8-классынын окуучусу бүгүн эртең менен 5-кабаттан боюн таштап каза тапты. Кырсыктын оюнга тиешеси бар-жогу иликтенүүдө. Коркунучтуу оюн Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине чейин жетип, кеңештин катчысы Темир Жумакадыров бүгүн мамлекеттик органдардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. ИИМ Кыргыз жеринде бул оюндан улам жанын кыйгандар жок экенин билдирүүдө. Өспүрүмдөр арасында суицид тыйыла элек. Жакында эле, 2017-жылдын 5-январында Баткенде 9-класстын окуучусу аскадан боюн таштап көз жумса, 9-январда Нарын шаарында 9-класстын окуучусу асынып алган. Бүгүн Балыкчы шаарында дагы бир окуучу асынып алды. Бул кырсыктарды жогорудагы оюнга байланышы жок деп айтуу кыйын. Ошентип, өлкөдө балдарды интернет азгырыгынан коргоо зарылдыгы жаралды. Балдарды көзөмөлдөгөн тийиштүү мамлекеттик органдардын, мектеп жетекчилигинин, ата-энелердин жоопкерчилиги эки эсе күчөгөнү турат. Оюнга байланышкан жагдайды иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Интернет азыркы заманда ар бир окуучуга жеткиликтүү каражат, мунун жакшы жактары да көп. Ошол эле учурда кимдир бирөөлөрдүн балдарды азгырып өлүмгө түртүп жатышына кайдыгер кароого болбойт...

Жогорку Кеңеште бүгүн “Социалдык фонддун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун билдиришинче, Кыргыз Республикасында 245 миң пенсионер жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөн пенсия алат. Жашоо-тиричилик минимумуна жеткирүү үчүн канча акча керектиги жөнүндө суроого жооп бере алган жок, "эсептеп чыгыш керек" деген жооп узатты. Соцфонд башчысы пенсиянын көлөмү жарандын мамлекетке төлөгөн социалдык төгүмдөрүнө жараша аныкталарын айтты. Демек, түрдүү себептерден улам убагында социалдык төгүмдөрдү аз төккөндөр бүгүн ири пенсиядан үмүт кылбасын дегендик. Депутаттар карыларга жасалган теңсиздикти сындашты. Өмүр бою мугалимдик кесипте жана укук коргоо органдарында иштеп пенсияга чыккандардын пенсиясын мисал келтиришти. Өмүрүн билим берүүгө арнагандар 4 миң сомдон, ал эми укук коргоо органдарында иштеп карыгандар 10-15 миң сомдон пенсия алары айтылды. Эркектердин пенсия курагын ылдыйлатуу маселеси да маал-маалы менен айтылып жүрөт, бүгүн да сөз козголду. Эркектер пенсияга чыккандан кийин аз эле жашап, о дүйнөгө узап жатканы айтылып, пенсия курагы боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын кароо сунушу берилди өкмөткө. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз өлкөсүнүн 6 миллион калкынын 614 миңи же 10 пайызы пенсионерлер. Алардын дээрлик жарымынын жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөн пенсия алышы - Кыргыз өлкөсүндө улгайгандарга кандай кам көрүлүп жатканынын белгиси...

Аида Салянова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине келди, учурда сурак берүүдө. УКМК бүгүн эртең менен Салянова 31-январда суракка чакырылып, бирок келбегенин тастыктап, депутатка экинчи ирет чакыруу жиберилерин билдирген. Абдил Сегизбаев жетектеген мекеме экс-башкы прокурор Салянованы кылмышка шектүү катары суракка алууда. Бүгүн Жогорку Кеңеште "ата мекенчилер" Салянованын иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты. Салянованын фракциялаштары депутаттык комиссия тергөөдө саясий кысымды болтурбоо үчүн керектигин айтышса, тескерисинче, депутаттык комиссия тергөөнүн объективдүүлүгүнө тоскоол болорун айткан эл өкүлдөрү дагы бар. Салянова суракка барат деген маалымат тарагандан кийин 40ка жакын адам кечээ кечке маал УКМКнын имаратынын алдына тынч митингге чыгып, айыпталуучуга карата саясий кысымды токтотууну талап кылышты. Бул окуялар "Салянова депутаттардан, элден калканч издеп, жоопкерчиликтен качып жатат" деген пикирлерди жаратты. Адатта саясатчыларды колдогон топтор митингге башкы каармандын тапшырмасы менен гана чыгат эмеспи. Спикер Чыныбай Турсунбеков комиссия түзүү боюнча "Ата Мекендин" сунушунан кийин убакыт сурады. Депутаттык комиссия түзүлөбү-жокпу, кийинки аптада, парламенттин маанайына жараша чечилет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан