Кыргыз өлкөсүндө орто эсеп менен эркектер 69 жашка чейин, аялдар 76 жашка чейин жашашат

Кыргыз өлкөсүндө эркектердин орто эсеп менен жашоо мөөнөтү 69 жашты, аялдардыкы 76 жашты түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында пенсияга чыгышат. 245 миң пенсионер жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөн пенсия алат.

Депутат Мирлан Жээнчороев эркектердин көбү пенсияга чыккандан кийин бир аз эле жашай турганын айтты. "Бул маселе боюнча өнүккөн мамлекеттердин стратегиясын мисал катары алышыбыз керек", - деп сунуштады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Keremet008
2017-02-01 12:47:17
Жакшы экен эртерак чыгарсын пенсияга. Мн таятам о мур бою бухгалтер бп иштеп пенсияга чыкканда 1-2 жашада окшойт анан кете берди....
+1
Parish
2017-02-01 12:51:42
69 жаш дебей 70 жашынан деп эле
койбойсунарбы.Деги эле эркектер
аялдарынан мурда эле кеткени
дурус кор болбой.
+1
jon.as
2017-02-02 07:39:37
Азыр коп адамдар ал жашка чыкпайда каза болуп жатышат. Окунучтуусу менин атам омур бойу мамлекетке кызмат кылып...пенсия алгангада жетишкен жок.(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан