"Авааз" Эл аралык коомдук фондунун сайтында АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын саясатына каршы петицияга 4 миллион 919 186 адам кол койду.
Өткөн жумада Дональд Трамп Иран, Ирак, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судан өлкөлөрүнүн бардык жарандарына АКШга 90 күнгө, ошондой эле бардык качкындарды 120 күнгө жана Сириянын качкындарын белгисиз мөөнөткө АКШнын аймагына киргизүүгө тыюу салган буйругуна кол койгон.
Буга каршы аталган фонддун сайтында петиция жарыяланып, президенттин саясаты күтүлгөндөй коркунучтуу экени жазылган.
"Урматтуу Трамп, дүйнө эли коркунучтарга жана фанатизмге каршы. Кыйноону, зордукту колдогонуңузга, тынч элди өлтүрүү чакырыгыңызга, аялдарды, мусулмандарды, мексикалыктарды жана сиздей сүйлөбөгөн адамдарды каралаганыңызга каршыбыз. Биз боорукердикти, үмүттү, түшүнүүнү тандайбыз. Дүйнө жарандары катары биз биргеликте сиздин бөлүү брендиңизге каршыбыз", - деп жазылат петицияда.