Парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында Кыргыз Республикасы пайда көрө элегин билдирди. Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат ЕАЭБге кыргыз тарап шашылып кирип алганын айтты.
"Туура, ЕАЭБге киришибиз стратегиялык чечим. Бирок биз биримдикке даярданбай туруп кирдик, мен шашпай туралы деп ошондо эле айткам. Азыр эми санкция, чек арадагы чектөө деп Казакстан менен Орусияны күнөөлөп жатабыз. Бажы кызматы жок болду, бирок анын ордуна техникалык регламент деген кирди. Ал регламентти биз, депутаттар, ушул жерде кабыл алганбыз, ошол регламент бизди бүгүн оор кырдаалга алып келип койду. Буга түздөн-түз өкмөт күнөөлүү, бир дагы ишти 100 пайыз аткарган жок. Бүт экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп кетти.
Статистикалык маалыматта 1 жылда 105 миң жумуш орду, 5 жылда 160 миң жаңы ишкана ачылганы айтылууда. Ушуга ким ишенет? 2014-жылы ар бир адамга ички дүң продукциянын суммасы 1305 доллар эле, 2016-жылы 1094 доллар болду. Бир адамдын жылдык кирешеси 200 долларга азайды. Атаандаштыкка туруштук берүү жаатында дүйнөлүк индекс боюнча Тажикстан 77-орунда, Казакстан 51-орунга келип калды, биз 111-орундабыз. ЕАЭБдин Бажы кодекси боюнча 1500 сунуш киргизилген экен, анын ичинен 5-6 гана сунуш кыргыз тараптыкы. Мына, биздеги кайдыгер мамиле", - деди Төрөбаев.
Депутат ЕАЭБдеги өлкөнүн абалын жакшыртат деп азыркы өкмөткө ишенбей турганын да айтты.