Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрындагы орундуктардын каптамалары өтө кир абалда экенин окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 3-февралда WhatsApp аркылуу билдирди.
"Кечээ театрга концертке баргам. Орундуктарга кийгизилген каптамалары тимеле бир жылдан бери жуулбагандай кирдеп, майланышып, жылтырап кеткен. Ошто бир эле театр бар, маанилүү салтанаттар дагы ушул жерде өткөрүлүп, меймандарды кабыл алабыз, таза кармашса болмок", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.