Румыниянын борбор шаары Бухарестте 30 миңден ашуун адам митингге чыкты

Румыниянын борбор шаары Бухарестте 30 миңден ашуун адам митингге чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик калктын массалык көчөгө чыкканына карабай 31-январда көптөгөн коррупционерлердин жоопкерчиликтен качуусуна мүмкүндүк бере турган токтом кабыл алган.

Өлкө боюнча жалпы 140 миңге жакын адам өкмөттүн токтомуна каршылык билдирген. Калктын нааразычылыгы 3 күндөн бери уланууда. Румыниядагы нааразылык акциясы акыркы 25 жылдан берки эң көп эл чогулган митинг болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан