SUPER.KG порталы 2016-жылдын 10-сентябрында "Тамашоу" командаларынын арасында Кубок уюштурган. Жыйынтыгында 5 команданын ичинен мыкты тамаша тартуулаган "Универсал" командасынын оюнчусу Калыбек Турдубаевге "Мыкты оюнчу" наамы ыйгарылып, Бали аралына жолдомо берилген. Ал эми 9-декабрда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракеси өткөрүлүп, бүтүндөй коомчулукка салтанаттуу концерттик программа тартууланган. Аталган концертте "Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомо Бактыгүл Орозбаевага ыйгарылган.
Бүгүн, 4-февралда "Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралына жөнөп кетишти. Жолдомонун ээлери SUPER.KG порталы менен өздөрүнүн кубанычы менен бөлүшүштү.
"Бул күн мен үчүн унутулгус кубанычтуу күн. Анткени ой-кыялыма келбеген сүйүнүчтүү окуя болуп, ызгаардуу кыш мезгилинен аптаптуу ысык өлкөгө сапар алганы жатам. Менин кубанычыма командамдагы жигиттер ортоктош болуп, "сен мындай ийгиликке мээнетиң менен жеттиң" деп колдоого алышты. Буга чейин "Тамашоу" оюну аркылуу чет өлкөгө барам деп ойлогон эмесмин. Бизге эс алууга шарт түзүп берип жаткан SUPER.KG маалымат-маанайшат порталына жана жамаатына ыраазычылык билдирем", - деди Турдубаев.
Калыбек Турдубаев менен Бактыгүл Орозбаева Индонезия өлкөсүнүн Бали аралында 4-февралдан 12-февралга чейин эс алышат. Бали аралы туристтерди өзүнө эң көп тарткан аралдардын бири. Аталган өлкөнүн февраль айындагы аба ырайынын жылуулугу +26, +27 градуска жетет.
"Мен бүгүн аябай толкунданып турам. Анткени саякатка жолдомо уткандан бери Бали аралы жөнүндө интернеттен окуп, сүрөттөрдү көрүп жагымдуу эс алууну элестетип жүрдүм. Сулуулар сынагындагы жеңишимди буга чейин апама арнаган болчумун. Жылуу өлкөгө жөнөтүп жатып апам мага ийгилик каалап узатты. Сынактан кийин эс алууга барчу күндү көпкө күттүм. Мен буга чейин алыскы өлкөлөргө чыга элек болчумун. Мындан улам пляжга керектүү кийимдердин баарын алып сапарга даяр болуп келдим", - дейт Орозбаева.
Бул сапардан "тамашоучу" Калыбек Турдубаев бактылуу көз ирмемдерди күтүп жатканын кошумчалады.
"Ар бир кызыктуу учурларды сүрөткө түшүрүп, жакын досторума, жубайыма жиберип турам. Азыр көз алдыма чалкыган деңиз, жылуу суу, укмуштуудай эс алуу тартылып турат", - дейт Калыбек Турдубаев.
Эске салсак, буга чейин "Супер-Инфо" гезити бир нече сулуулар сынагын өткөрүп, "Супер сулуу" наамынын ээлери үчүн кыш мезгилинде экзотикалык өлкөлөргө жолдомо берип келген.
"Супер сулуу-2007" наамынын ээси Кубанычбек кызы Айгеримге Түркиянын Анталия шаарына жолдомо берилген. "Супер сулуу-2008" жеңүүчүсү Чинара Керимкулова Малайзия өлкөсүндө эс алган. "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүлөрү Жамиля Ишенбаева жана Бегайым Алисопиева Мисирде болушкан. "Супер сулуу-2010" наамынын ээси Бурул Бактыбек кызы Таиландга жолдомо уткан. "Супер сулуу-2011" сынагында жеңишке жеткен Айсулуу Өмүралиева Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына барып келген. "Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева Индиядагы Гоага сапарга барган. Ал эми "Супер сулуу-2013" наамын алган Орункүл Шабралиева Шри-Ланкага жолдомо алганын эске салабыз.