23:25. SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине арналган концерт “SUPER.KG'ге арноо ыры” менен аяктады. Атайын порталдын 10 жылдыгына карата жазылган ырды Омар, Жийдеш, Баястан, Каныкей жана Нурлан Насип аткарды.
"Супер сулуу-2016" наамын тапшыруу үчүн "Компьютер-Пресс" компаниясынын директору, "Супер-Инфо" гезитин жетектеген Шайиста Шатманова чакырылды. Ал бүгүнкү күндүн жеңүүчүсүнүн ысымын атады. "Супер таажы" менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды. Ага таажыны "Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл Шабралиева кийгизди.
"Ажарлуу сулуу" наамынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшыруу үчүн сахнага стилист Замира Молдошева чакырылды. Ал сулууларга "Бүгүн сынакка ар бир кыз жакшы даярданыптыр. Ар бириңер сулуусуңар, жүрөк оорутпагыла" деген кеп-кеңешин айтып өттү. "Ажарлуу сулуу" наамы Айзада Абанбековага тапшырылды.
"Сымбаттуу сулуу" наамына Алтынай Эмилбекова арзыды.
23:10. Сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктачу мезгил келди. "SUPER.KG ажары" наамы Аида Карабаевага тапшырылды.
22:45. Порталыбыздын 10 жылдыгына арналган кезектеги дуэттердин бири "Жамиля" жаңырды. Ырды Ильяз Абдыразаков менен Эрнест Бөрүбаев аткарды.
"Жарайт Сити" күлкү жаратуучулар тобу сахнага чыгып, элди шаңга бөлөдү.
Ырдоо үчүн сахнага чыккан Нурлан Насип кичинекей күйөрманы менен жолугушту. Ырчы жаш күйөрманынын гүлүн алып, аны кубандырып эстеликке сүрөткө түштү.
22:15. Сулуулар сынагы акырындык менен чечүүчү мезгилине жакындап баратат. Кече көйнөктөрүнүн көрсөтмөсүнө бийкечтер таанылгыс болуп өзгөрүп чыгышты.
22:00. “Кара жоргону” кыргызча аткарам деп Малайзиядан келген коногубуз көпчүлүктүн колдоосуна арзыды. Фарра Фаттахтын кыргыз маданиятына кызыкканы, ырды берилүү менен аткарганы көпчүлүктүн ичин жылытты.
21:55. SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата мындан 4 ай мурун видеокуттуктоолор сынагы жарыяланган. Куттуктоо жөнөтүп, тандалып алынган 10 катышуучу элдин добуш берүүсүнө коюлган. Алдынкы үчтүккө кирген жеңүүчүлөр дагы концерттин сыйлуу коноктору катары келишкен. Аларга сыйлыкты SUPER.KG порталынын башкы редактору Гүлжан Асанкожоева тапшырды. Добуш берүүдө 3-орунду Бакыт Бекташев, 2-орунду Абиталиф Аринов ээлеген. 1-орунга Жанеля Светюкова жиберген видеокуттуктоо татыктуу болду.
21:45. Ал эми Айгерим Расул кызынын белеги да өзгөчө болду. Ал атайын ушул кечте "Түнкү Бишкек" чыгармасын тартуулады.
Кызыл түстө кийинген Дайыр Исмадияров сахнага Анжелика менен биргеликте чыгып, "Кызыл гүлүм" чыгармасын аткарышты. Ырчылар бир кезде хит болгон ырды SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арнап жаздырышкан.
21:30. Омар сахнага чыкканда алып баруучулардын демилгеси менен чыгармачыл коноктор да бийлешти. "Эгерде эркектер арасында сулуулар сынагы өтсө, Омар жеңишке жетишмек", - деп Эркин Рыскулбеков тамашалады.
21:05. Эрмек Нурбаев менен Урмат Усенов микрофон алып, кайрадан сахнага чыгышты. Демек, “Супер сулуу” сынагынын финалчылары кезектеги тапшырманы аткарышат. Алып баруучулар жар салып, “Супер сулуу” сынагынын финалчыларын чакырышты. Алар аткара турган 3-тапшырма - чыгыш бийин бийлөө. 2 айдан ашык убакыттан бери кыздар кызуу даярданып, бийди өздөштүрүшкөн. Калыстар жана көрүүчүлөр өз баасын беришмекчи.
Кыздар алгач топ менен бийлешти. Андан кийин урма аспаптын коштоосунда жекече бийлөөгө өтүштү. Урма аспапты Хамид Алимов "күүгө келтирип" жатты.
21:00. “Мен Анара эмесмин!” деп жеңелерине чаң салган Асема тасмадагы жигити Мурат менен “Айланайын” аттуу ырды аткарды. SUPER.KG порталына быйыл 10 жыл толгондой эле, Асема менен Съездбекти актёр катары тааныткан “Боз салкын” тасмасына да быйыл 10 жыл болуп жатат.
20:45. Концерттин сюрприздерге бай болору күн мурунтан кабарланган. Бүгүнкү иш-чара эки муундун жылдыздарын бир сахнада бириктирди. Буга чейинки дуэттерге удаа Адилет Азимов менен Гүлнур Сатылганова "Болсочу” чыгармасын аткарышты.
Концертте катарынан дуэттер аткарылууда. Данияр Эрматов жана Айчүрөк Иманалиеванын "Роза гүлү" чыгармасы жаңырды.
20:40. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен жаш ырчы Айдана Дека бир кезде популярдуу болгон "Кыздын сыры" ырын аткарышты. Айдана Дека Алина айым менен дуэт ырдоо, аны жаздыруу кызыктуу болгонун айткан. Ырды сахнада аткаруу да ал үчүн кызыктуу болду окшойт. Эл жылуу кабыл алып, аларды кол чабуу менен узатты.
Ага удаа "Биз" тобу менен Аваз Акимовдун үнү обого жаңырды. "Муйдусунан" аталышындагы хит порталыбыздын 10 жылдыгына карата жазылган.
20:30. Асел Турдалиева менен Алихан "Келчи, гүлүм" аттуу ырды аткарышты.
20:25. Сулуулар кезектеги тапшырманы аткаруу үчүн кайрадан эл назарында болушту. Бул тапшырма өзгөчө мааниси бар тапшырма. Ал аялдар да, эркектер де үстүнөн түшүрбөй кийип жүргөн жынсыга байланыштуу болмокчу. Азыр эркекпи, айымбы, кимисинин гардеробун ачпа, жынсыдан шым же дагы башка кийим табууга болот. Кыздар жынсы кийип чыгышты.
20:20. Азырынча ырчылар өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Курал Чокоев менен Ильяз Андаш "Сейдакматтын ыры" аттуу хитти аткарып беришти.
Легендарлуу "Биз" тобу азырынча сахнага чакырыла элек. Алар четте карап, концерттин жүрүшүнө көз салып жатышат.
Аяна Касымованын аткаруусундагы "Сүрөтүңө" чыгармасы.
20:00. Бийкечтердин талантына, сулуулугуна, сахнада өзүн алып жүрүүсүнө, келбетине, айтор, бардык жөндөмүнө жараша баа берилет. Алар сахнага дагы да кайтып келишмекчи. Азырынча ырчылар өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
19:35. Сахнага чыккан сулуулар тобу менен эл алдынан басып өтүштү. Андан соң кезек-кезеги менен чыгып, өздөрүн тааныштырышты.
Сынак 2007-жылы башталып, алгачкы жеңүүчү Түркиянын Анталия шаарына барып эс алып келген. Андан бери сынак жеңүүчүлөрүнө дүйнөнүн эң керемет экзотикалуу жерлери болгон Египет, Малайзия, Таиланд, Хайнань, Гоа, Шри-Ланка аралдарын кыдырып саякаттап көрүп келүү бактысы буйруду. Эми кезектеги жолдомонун ээси ким болот жана ызгаардуу кышта Бали аралына барып эс алып келүү бактысы кимге буюрат, ага концерттин жүрүшүндө күбө болосуздар.
19:25. Концертти “Супер сулуу” сынагысыз элестетүү мүмкүн эмес болуш керек. "Быйыл бул сынактын жүрүшүн башкаруу милдети Эрмек экөөбүзгө жүктөлгөнүн сыймыктануу менен жарыялайм", - деди Урмат Усенов.
“Супер сулуу-2016” сынагына кезек келди. Бул бөлүктүн алып баруучулары Урмат Усенов менен Эрмек Нурбаев болушмакчы.
19:15. Ырчылардын ичинен сахнага биринчи болуп Жийдеш Идирисова чыкты. Ал бийчилердин коштоосунда "Жаным" аттуу чыгарманы аткарып берди. Андан соң жылдын хит ырларынын бири "Жубайыма" чыгармасы Турдакун Ниязалиевдин аткаруусунда жаңырды.
19:10. SUPER.KG порталынын 10 жылда аткарган иши, жетишкендиктери тууралуу видеобаян көрсөтүлдү. Эл порталдын эмгегин баалап, жылуу кабыл алды.
19:00. Концертте алып баруучулук кызматта Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбеков болмокчу. Алар сахнага чыгып, концертти ачык деп жарыялашты.
18:55. Алгач сахнага Эрлан Нанаев чыгып, залды жашыл түскө боёгон лазер-шоу көрсөттү. Андан соң комуз менен скрипканы "сыздаткан" дуэт Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева “Маш ботой” чыгармасын өзгөчө стилде аткарып беришти.
Спорт Ордосунда учурда атмосфера шаңдын жогорку чегинде. Сахнанын жасалгасы, музыкалык аппараттардын сапаты, атайын жазылган дуэттер 3 сааттан ашык убакыт аралыгында чогулган элдин кайгы-капасын унуткармакчы. Кеченин коноктору сахна артында эстеликке сүрөткө түшүү менен алек.
"Супер концерт" тууралуу учкай айта кетсек, жылдагы концерттерден айырмаланып, бул жолу түрдүү чөйрөдө жылдын суперлери аныкталбайт. Иш-чаранын "көзүрү" 16 сулуунун "Супер сулуу" наамы үчүн ат салышканы болмокчу. Буга катар ырчылар обон созуп, күлкү жаратуучулар элди шаңга бөлөйт.
18:50. Бүгүн, 9-декабрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концерт өтөт. Жалпы окурмандарга салам айтуу менен бул концерттен онлайн режиминде маалыматтарды жеткирип турмакчыбыз.