Нарын шаарынын тургундары бүгүн, 6-февралда электр жарыгынын лимитин көбөйтүү жана көмүр маселесине байланыштуу митингге чыгышты. Маалыматты Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматынан ырасташты.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун жашоочулары октябрь-апрель айларында электр энергиясына 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан төлөшөт. Митингчилер ушул лимитти кыш айларында 2000 кВт/саатка көтөрүүнү талап кылышты. Учурда нааразылык акциясына чыккандар менен облустун жетекчиси Аманбай Кайыпов жолугушуу өткөрүүдө.