Бүгүн, 6-февралда Бишкектеги соода борборлорунун биринде "Алтын түйүн" республикалык инженердик-техникалык академиясы окуучулардын илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын ачылышын өткөрдү. Алгач аталган жайдын окуучулары илим, билимге чакырган флешмоб көрсөтүштү. Андан соң робот техникасы, астрономия, квиллинг, электротехника, авиамодель, шахмат, информатика, музыкалык аспаптарды жасоо боюнча мастер-класстарын өткөрүү каралган. Жумалыктын максаты - жаштарга билим берүү жана кесип тандоого багыт берүү.
Учурда иш-чаранын катышуучулары жогоруда аталган мектептин окуучулары даярдаган эмгектер менен таанышып, мастер-класстарга күбө болушууда.