"Супер сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бактыгүл Орозбаева жана "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралына жетип, эс алышууда

"Супер сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бактыгүл Орозбаева жана "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралында алгачкы эс алуу күндөрүн өткөрүшүүдө. Саякатчылардын айтымында, аралда учурда жамгырлуу мезгил болгону менен, аба ырайы ысык.

Белгилүү болгондой, Бали аралынын бир жээгин Тынч океаны, экинчи жээгин Инд океаны курчап турат.

"Биринчи кезекте жомоктогудай эс алуу тартуулаган "Супер-Инфо" гезитине ыраазычылык билдирем. Алгачкы жолу эс алууга чыгып, океанга түшүү бактысына ээ болдум. Мага баары жакты. Болгону абасы аябай нымдуу экен, мончодо жүргөндөй болуп турам", - деди Бактыгүл Орозбаева.

"Бул жакка келиш үчүн 2 күн жол жүрдүк. Эли меймандос келет экен. Алар деле кыйратып англис тилин билбейт, мен дагы. Бирок жаңсашып бири-бирибизди түшүнүп жатабыз. Бейиштей деп бекеринен айтышпайт тура. Өтө керемет жерде эс алууга жолдомо берген "Супер-Инфого", SUPER.KG'ге ыраазычылык билдирем", - деди өз кезегинде "тамашоучу" Турдубаев.

Эскерте кетсек, SUPER.KG порталы 2016-жылдын 10-сентябрында "Тамашоу" командаларынын арасында Кубок уюштуруп, жыйынтыгында "Универсал" командасынын оюнчусу Калыбек Турдубаевге "Мыкты оюнчу" наамы ыйгарылып, Бали аралына жолдомо берилген. Ал эми 9-декабрда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракеси өткөрүлүп, бүтүндөй коомчулукка салтанаттуу концерттик программа тартууланган. Аталган концертте "Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомо Бактыгүл Орозбаевага ыйгарылган. Алар 4-февралда Балини көздөй бет алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
aseras
2017-02-06 19:20:33
Жанындагылар кана?
+14
Seiil.94
2017-02-06 19:32:52
Эчким жоккоо
+8
Asman...
2017-02-06 20:10:06
Калыбектин аялы бечара жаман болуп жатса керек ээ. Элестетип алып экоо жургонду.
+47
mikoo
2017-02-06 20:49:30
Калыбек келинчегин алабарбаптырда, озунон жанынан каржылап.
+32
sherzatik
2017-02-06 23:04:33
mikoo,менин да оюм ушундай
+8
KAPAGAT
2017-02-06 23:06:45
mikoo,Аялы сомолётто узакка жол журсо болбойт экен, тушундунуз да еее)
+4
mikoo
2017-02-06 23:15:25
KAPAGAT,ооба тушундум.
0
Istina1000
2017-02-07 00:03:13
Азаматтар, жакшы ойноп кулуп келишсин
-8
GENTLEMEN
2017-02-07 00:21:20
Тигинин ХХХ. Кыз деген кичине скромнаяраак болсо!
+10
aika_sv
2017-02-07 00:32:59
Oi toobo bizge ozu echnerse jakpait ee,kulsoda jakpait,esalsada jakpait... Men Balide jursom myndanda bashkacha kulmokmun, Kalybektin ayaly tushunup jonotkondon kiyin silerge emne deimda☺ (azyr baary meni jep albasa boldu ). Es aluulary jakshy otsun.
+9
Alicia
2017-02-07 11:17:09
aika_sv,100% kohsulam sozunguzgo, Kim kandai kaalasa oshondoi koment jazat turbaiby. Ushul jerde komentterdi okup ele kimdin kandai adam ekenin tushunup koiso bolot
-1
azabraza
2017-02-07 07:50:13
Ошондой эс алууда катынына балее барбы
-6
mambo-1984
2017-02-07 08:45:49
Аялы депресия болуп больнитцага тушуп калат ко инфо силер ар бир суротун чыгарган сайын
-2
Ananai
2017-02-07 16:47:35
Аялына жаман боорум ачыды эй.Тем более жакында эле уйлонушкон болсо.Мен болгондо куйоомду ал жака жибербей ыйлап болсо да ээрчип алалт элем.Же чогуу барабыз же экообуз тен барбайбыз...)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан