"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Баткен райондук билим берүү бөлүмү: "Зардалы айылындагы мектепте окуунун жүрүшү токтогон жок"

Баткен облусунун Зардалы айылындагы мектепте окуунун жүрүшү токтогон жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылазис Заитов билдирди.

"Бүгүнкү күндө Зардалы айылындагы мектепте 1-класстан 4-класска чейин 14 окуучу аралашып окуйт. Буга чейин 21 окуучу билим алчу. Кыш айларында райондун борборунан айылга барчу каттам жабылып калат. Ошондуктан мектептен кабар алуу максатында 2016-жылдын күз айларында барып, жылуулук маселесин көзөмөлдөп келгем. "Мектепте окуу токтоп калды" деген туура эмес маалымат. Биз сабактардын жүрүшүн көзөмөлдөп турабыз", - деди Заитов.

Маалыматка ылайык, Баткен районунда 53 мектеп бар. Анын ичинен 10у башталгыч мектеп болуп эсептелет.

Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Зардалыдагы мектепте 34 окуучу бар делгени менен, иш жүзүндө бир да бала окубай, мектеп жабык турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baltabai
2017-02-07 15:33:42
Oshondoi bolsunda
0
Ali-5
2017-02-07 17:20:54
бир да окуучусу жок болсо кантип төктобосун
0
toichubek1984
2017-02-07 19:38:10
Бизде ушундай жалган создор качан тугойт болду экен
+1
ainura220888
2017-02-07 20:49:57
Зардалы жонундо бир журналист беруу даярдаган эле интернеттен коргом. Бул мектептида кары киши озу куруп районго барып уруксат алып келип мектеп ачкан. Озу атчан районго барып комур суусун ташыйт экен. Алган айлыгыбыз 3мин 4мин деп эле айткан. Озунор бир чырпык терип койбой тээ атан басып барбаган зардалынын мектебин жазбай эле койчу сураныч. Телефон алам деп оюна келгенди оттой бербей. Ошол аксакал болбогондо мектептин м сы да болмок эмес. Татаал шарта от жагып окутуп атса только рахмат деш кер
0
Ali-5
2017-02-07 21:06:03
менда көпдүм бул мектепти элдер эч ким окубайт деп айтты. агайы мылтык көтөрүп кекилик атып жыргап жүрөт.
0
Ali-5
2017-02-07 21:09:11
Абдылазагай андан көрө жазалаңыз. 17-эмес 1 окуучу көрбөдүм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан