"Ысык-Көлдө баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жарандын туугандары сот чечимине нааразы

"Ысык-Көлдө баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жарандын жактоочусу Жуматай Абдрахманов маалымат жыйын өткөрүп, шектүүнүн туугандары райондук соттун чечимине нааразы экенин билдирди.

Анын айтымында, зордуктоо боюнча эч кандай далил жок.

"Тоң райондук сотунун чечими негизсиз чыгарылган. Эч кандай далил жок, болгону жабырлануучунун көрсөтмөсү каралган. Экспертизанын жыйынтыгында анда көк ала тактардын болгону аныкталган эмес. Эми иш облустук сотто каралат, сот адилет чечим чыгарат деп үмүттөнөбүз", - дейт Абдрахманов.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган. Тоң райондук соту айыпталуучуну 3 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
karashire
2017-02-08 13:46:05
Таппаганы жок
+2
Adil706070
2017-02-08 14:13:30
Акча учун бетти сыйрып чыга беришет экен да.
Кокус ислам окумундогудой кылып таш баранга ала тургандай болгондо корот элем жактоочу жактаганын,туугандары нааразычылыгын корсотконун.
+7
adimyrza
2017-02-08 14:34:27
Силердин да жакндарынарды ушинтип кочодо зордоп кетсе экен корот элек
+7
Izdeim_seni.
2017-02-08 15:56:22
ХХХ,уяты жоктор.
0
admin_portal
2017-02-08 16:14:07
Izdeim_seni., этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан