КҮНСЕРЕП: 43 миң мигрантка "кара тизмеден" чыгаруу убадасы берилди

Бүгүн, 8-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасынын Марат Акылбеков аттуу жараны Түштүк Кореяга виза ачып берүүнү сунуштаган компанияга алданып калганын айтууда. Компаниянын кызматкерлери жасалма документтерди даярдап берип, кардарды 6 миң АКШ долларына "сындыргандан" кийин качып кетишкен. Документтер жасалма болгондуктан Кореянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Акылбековго виза берген эмес. Жабырлануучу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери мындай алдамчы компаниялар менен тыгыз иштешет деген пикирде. Аталган компания Марат Акылбековдун ысымын тез арада Ким Анатолий кылып өзгөртүп паспорт даярдап берген. Аны корей улутундагы Ким Дора деген айымга "үйлөнтүшкөн". Бул иштерди Калкты тейлөө борборунда (Бишкектин Свердлов районунда) иштеген Жоомарт, Сайкал деген кызматкерлер бүтүрүп беришкенин айтууда жабырлануучу.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектин Свердлов райондук мамлекеттик каттоо кызматында Сайкал деген кызматкер иштебесин билдирүүдө. Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. 2017-жылдын январь айында Бишкекте Түркиянын жаранынан "Кыргыз паспортун алып берем" деп 1500 доллар алып качып кеткен жаран кармалган. Кылмышка шектүү - Ким Дмитрий Анатольевич (жогорудагы окуяда аталган фамилияларга окшош). Кыргыз жеринде паспорт берүү тармагы коррупциялашып кеткени сыр эмес. Аэропорттон, чек арадагы өткөрүү пунктунан жасалма паспорт менен кармалганын айтып ИИМ менен Мамлекеттик чек ара кызматы күн алыс маалымат таратууда. Чет элден терроризмге шектелип кармалгандардын жанынан Кыргыз паспорттору табылууда. Бул аталган тармакты "тазалоого" мезгил жеткенинин белгиси. Бирок паспорт коррупциясы боюнча айыпталып сот жообуна тартылган чиновник же Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү боло элек (олигарх Мухтар Аблязовго жасалма паспорт даярдап берген Аламүдүн райондук паспорт столунун адиси Нуржамал Үсөнованын иштен айдалганын эске албаганда). 2016-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасында биометрикалык паспортторду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору четке кагылган. Депутаттар долбоор чийки экенин, мындай шартта биометрикалык паспорт берүү Мамлекеттик каттоо кызматынын бизнесине айланышы мүмкүн деп чочулашкан эле. Соңку окуялар паспорт берүү тармагынын жүзүн ачууда...

Башкы прокуратура айрым социалдык түйүндөрдү чектөө өтүнүчү менен Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылды. Өлкөдө социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүлүп, айрым шилтемелердеги маалыматтар өспүрүмдөргө психикалык, руханий жактан зыян тийгизери аныкталганы айтылат Башкы прокуратуранын доо арызында. Өтүнүчкө сот кандай чечим чыгарары коомчулукту кызыктырып турган учур.

Кыргыз жеринде "Көк кит" интернет оюнунан улам мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын курамына прокуратуранын, Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин, Бишкек шаардык милициясынын жана билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү киришкен. Башкы прокуратура "жаштарга зыяндуу" деген социалдык түйүндөрдү да ушул комиссия аныктаганын билдирүүдө. Кайсы социалдык түйүндөр чектелет? Зыяндуу делген социалдык түйүндөр жашы жете электерге жабылабы же бардык жарандар үчүнбү? Эгер жашы жете электер үчүн жабылса, интернетке кирген адамдын чын эле жашы жете электиги кантип аныкталат? Бул суроолорго жооп алууга мүмкүн болбоду. "Көк кит" оюну Бишкектин четине кулаган Боингдеги жүктөн элди алаксытуу үчүн атайын чыгарылды деген пикирлер бар. Башкы прокуратуранын билдирүүсү "Көк кит" сөз эркиндигин чектөөгө шылтоо болушу мүмкүн деген да ойлорго жетеледи. Социалдык түйүндөр - Кыргыз жеринде бийликтин кемчиликтери ачык талкууланган, сындалган эркин аянтча. "Жашы жете электерди зыяндуу маалыматтан коргоо" шылтоосу менен бийликке күчтүү сын айтылган, коомдук пикир жаратуучу Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдү жаап салууга аракет жасалышы да мүмкүн. Кандай болгон күндө да буга жол берилбеши керек...

2017-жылы Орусиянын "кара тизмесинен" Кыргыз Республикасынын 43 миң жараны чыгарылат. Мындай маалыматты Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Медетбек Айдаралиев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. 43 миң жаран этап-этабы менен чыгарылат. Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда 600 миңден ашык, Казакстанда 110 миң Кыргыз мамлекетинин жараны иштейт. Алардын 110 миңден ашыгы "кара тизмеде". Акыркы жылдары мекендештерди "кара тизмеден" чыгаруу маселеси тез-тез көтөрүлгөнү менен, оңдуу жыйынтык чыкпай жатат. Миграция боюнча мамлекеттик кыматтын мурунку башчысы Бакыт Адыловдун билдиришинче, 2015-жылы "кара тизмеден" 76 миң Кыргыз жараны чыгарылып, тизмеде 119 миңи калган. 2016-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгы боюнча 6700 адам тизмеден чыгарылса, 6500 жаран кайра эле Орусиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн "кара тизмеге" түшүп калган. Орусиянын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасы, Армения жана Казакстандан келген мигранттарды эмгек келишими жок болсо өлкө аймагынан чыгарып, айып пул сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Мыйзамдын авторлору эмгек келишимин түзбөгөн мигранттарга 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салып, өлкөдөн депортациялоону сунуштап жатышат. Мындай шартта мигранттардын көйгөйүн чечүү кыйындайт. Кыргыз жеринде миграция тармагын тескеген мекеменин аты, жетекчилери алмашып жатканы менен, көйгөй чечиле элек. Бул жаатта Кыргыз өкмөтүнүн элге кылган "жардамы" - Орусияга жөнөп жаткандардын "кара тизмеде" бар же жок экенин текшерип алуусуна шарт түзүүдө. Тизменин өзүн жок кылууга күчү жете элек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан