Орусия ИИМи Кыргыз Республикасы, Армения жана Казакстандан келген мигранттарды эмгек келишими жок болсо өлкө аймагынан чыгарып, айып пул сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул мыйзам Беларустан келген жарандарга тиешелүү эмес.
Азыркы тапта ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген мигранттарда жумушка орношууга уруксат алуу милдеттенмеси жок. Орусияга келген мигранттын өлкө ичинде жүрүшү эмгек келишимине жазылган. Келишим жок болсо, миграциялык мыйзам боюнча, жоопкерчиликке тартылчу эмес.
ИИМ сунуштап жаткан мыйзамда: “Башка мамлекеттен келген жаран эмгек келишимин түзбөсө же кызмат көрсөтүүгө жарандык-укуктук келишими жок болсо, өлкө аймагында иштөөгө укугу жок болуп калат. Бул мыйзам долбооруна жана Орусиянын эл аралык келишимдерине ылайык, аларга патент алуусу жана жумушка орношуу үчүн уруксат алуусу кажет эмес”, - деп жазылат.
Демилгечилердин айтымында, мындай кадам Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден келген жарандардын Орусияда канча убакыт жүрө тургандыгын көзөмөлдөө максатында жасалууда.
Мыйзамдын авторлору эмгек келишимин түзбөгөндөргө 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салып, өлкөдөн чыгарууну сунуштап жатышат. Ошондой эле юридикалык жактарга 250 миң рублдан 800 миң рубль айып пул салып, ишмердүүлүгүн 3 айга чейин токтотуу каралган. Мындан сырткары чет өлкөлүктөрдү ишке чакырууга тыюу салуу сунушу да айтылып жатат.