Ысык-Көл облусунда "баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жарандын ишин эртең облустук сот карайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда айыпталуучунун жактоочусу Жуматай Абдрахманов билдирди.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту зордуктоого шектелген жаранды 3 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон прокуратура Ысык-Көл облустук сотуна кассациялык даттануу келтирген. Ошондой эле айыпталуучунун жактоочусу дагы чечимге макул эместигин билдирген. Мындан улам облустук сот ишти 9-февралдан тарта карап баштайт.
Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.