“Келин” шоу-программасын экспертизадан өткөрүп, коомчулукка тартуулоо керек”, - деп билдирди Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева.
Ал КТРКнын Байкоочу кеңеши бул программаны көрсөтүү же эфирден алуу маселесин кароо зарылдыгын айтты.
“Гендердик, юридикалык экспертизадан өткөрүп, элге тартуулоо керек. Аталган канал республикалык, коомдук болгондон кийин сырттан келген продукцияны көрсөтүүдөн мурун аны текшерүүсү зарыл”, - деди эл өкүлү.
Эске салсак, бул программаны айрым активисттер "гендердик теңсиздик" деп баалаган. Ошол эле учурда Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков бул сырттан келген берүү экенин билдирген.