Аида Салянова КТРКдагы "Келин" долбоорун жабууну талап кылды

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова КТРК телеканалында көрсөтүлүп жаткан "Келин" долбоорун жабууну талап кылды.

"Бизде келиндин ыймандуулугу, кичи пейилдиги, ийкемдүүлүгү - мыкты сапаттар. Бул сапаттар ата-энеси берген тарбияга, ички дүйнөсүнө ылайык болот. Кайнененин каарынан болбойт. Аталган долбоордо кайнене заардуу аял катары көрсөтүлүп жатат. Бул теманы күлкү-оюн кылган туура эмес. Ушундай мамиледен улам өлкөдө жүздөгөн жаш келиндердин тагдырлары талкаланып, алар көчөдө калышууда. Миңдеген балдар жетим калып жатышат. Парламент, өкмөт бул маселени чечүү боюнча чоң аракеттерди көрүп жатат, ал эми КТРКнын жасаган иши түшүнүксүз", - деп нааразы болду Салянова.

Андан соң депутат жакшы келин менен жакшы кайненин образдарын даңазалоо керектигин сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
anyshka
2017-02-09 11:42:31
Ооба туура айтат. Кошулам. Кастингке келген кыздар да тушунуксуз кийинишкен. Кайнене бутун тизесине чейин ачык учкаштырып алган. Чала орусча чала кыргызча суйлошуп. Кайнененин образы кыргызда гойколгон оор басырыктуу деп ойлойм. Менин апакем каандай жакшы кайнене.
+12
Uson13
2017-02-09 11:53:12
Орустарды туурап жүрүп кайда барат экенсиңер ктрк
+11
jarkyn_jakta_jasha
2017-02-09 12:18:09
Телеберуу орусча болгону куйдурот. КТРКны кыргыздар корот, орус коргонун коро элекмин
+17
Alixan-Nookat.2015
2017-02-09 12:45:28
КТРК көргөндөн көрө көрбөй койгон жакшы андан көрө 7- каналды көрсөң кызыктуу.
+11
dina1983-19
2017-02-09 13:08:04
КТРК ны мен вопше көрбөйм чындыкты көрсөтпөйт көз каранды канал.
+12
azamat.k
2017-02-09 13:32:49
КТРКны корсон 25кылымда онугуп жаткандай корунуш корсотуп, бир адамды мактап жактап суйлой берет.Чынында андай эмес жашоодо эл кыйналган,чет жакта талаалап журушот.
+6
Uson13
2017-02-09 13:32:51
КТРК ЭЛТР буларды көрбөй эле койуш керек
+8
KGstan1981
2017-02-09 14:03:35
КТРК эмес АТРК(Атамбаевская Теле Радио Компания)эле деп коюш керек.Саартан кечке чейин Атамбаевти мактап опонентерин каралаган ТВнын кереги жок.
+12
admin_portal
2017-02-09 14:37:15
nur_zhoni,кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!Эскертүү!
0
mem77
2017-02-09 15:53:40
Койгулачы замандаштар, алгач көрүп көрбөйлүбү, боло электе эле ар кайсыны айта бербей. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, жаман жактарын көргөзгөндө гана адам жакшы эмне экенин түшүнөт да.
-3
Kypchak
2017-02-09 18:46:41
Туура айтат, жабуу керек.
+2
optimistka
2017-02-09 23:19:43
мен жеке озум корбодумго бул берууну. бирок келиндерге кайынжурт тараптан адилетсиз мамиле жасалат. күң сыяктуу.. эртеден кечке кызматын кылсан да, ошону баалай албаган кайненелер бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан